Бүгүн, 25-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында журналистердин суроосуна жооп берип жатып Кыргыз- Тажик чек ара маселесине токтолду. Президент өз сөзүндө  бул эки тараптын макулдашуусу менен чечилчү маселе экенин айтып Кыргызстан тарап сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди

Чек ара маселесине этият мамиле кылышыбыз керек! Учуда баардык органдар бул боюнча иштеп жатат. Баткендеги чек ара маселеси өзүмдүн көзөмөлүмдө, күн сайын кырдаал  боюнча сурап турам. 

Ачык айтканда “ийнедей отургандай” тынч болсо экен деп отурабыз. Сиздер да, баардыгыбыз бул маселеге  “аяр” мамиле  кылуу керек. Себеби эки тарапта тең кызуу кандуу адамдар бар. Көруп жатасыңар да айрым учурда  эки тараптан таш ыргытылып, ок чыгарган учурга чейин болуп жатат.

Бирок, өзүбүздүн кызыкчылыкты коргошубуз керек. Ал үчүн иштеп жатабыз.”- деди президент Сооронбай Жээнбеков

Мындан сырткары чек араны суйлөшүү  акырындык менен астыга жылып Тажикстан тараптан делегация эмки айда келеерин кошумчалады.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 49