Алмазбек Атамбаевдин соту дагы жылдырылды

177

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин соту 9-январга жылды. Бул тууралуу жактоочу Сергей Слесарев билдирди.

“Жараян шектүүлөрдүн бири катары суралып жаткан академик Абдухалим Раимжановдун ден соолугунун начарлыгынан кийинкиге жылдырылды. Андан сырткары, нааразылыгын билдирген Алмазбек Атамбаев сот зал деп белгиленген жерден кайрадан туруп кетип калды”, — деди Слесарев.

Атамбаевдин соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында өтүп жатат. Адвокаттардын соттук отурумду Биринчи май райондук сотуна которуу өтүнүчү канааттандырылган эмес. Мындан кийинки отурум да УКМКда болору айтылды.

Эскерте кетсек, Атамбаев 8-августта Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүндө күч түзүмдөрүнүн атайын операциясында кармалып, УКМКнын тергөө абагында камалган.

 

 

 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь