Баткенде “УКМК кызматкеримин” деп топ адамдан акча алган киши кармалды (Видео)

163

Кадамжай милициясы өзүн “УКМКнын кызматкеримин” деп тааныштырып, жарандарды алдап акча опузалап жүргөн адамды кармады. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 4-декабрында Кадамжай районунун Бирлик айылынын 27 жаштагы тургуну Руслан Төлөнов аттуу жаран карызга 180 миң сом алып кайтарып бербей, из жашырып кеткенин айтып арыз жазган.

11-декабрда Айдаркен шаарынын 43 жаштагы тургуну өзүн “СНБдан Руслан Жээнбеков” деп тааныштырган адам жеринин документин бүтүрүп берүүнү убадалап 10 миң сом алып кеткенин айткан.

Ал эми 12-декабрь күнү Кадамжай шаарынын 54 жаштагы тургуну бейтааныш атуул “УКМКнын кызматкеримин” деп тааныштырып, 24 миң сомдук унаа тетигин карызга алган бойдон качып жүргөнүн билдирген. Ушундай эле жол менен дагы үч киши бир адамдын 71 340 сом алып сызга отургузуп кеткенин айтып кайрылган.

Мындан сырткары, Кызыл-Кыя шаарынан дагы үч адамдан арыз түшкөн. Анда алар 195 миң сомдук Mercedes-Benz автоунаа, эки кочкор жана базардан 11 миң сомдук кийим-кечени алдоо жолу менен алып кеткендигин айтышкан.

Аталган фактылар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кылмышка шектүү жаран кармалгандан кийин көрсөтмө бергенде өзүн Алмаз Абдужапаров деп тааныштырып, Чоң-Алайдан болорун айткан. Бирок текшере келгенде ал Сузак районунун Жерге-Тал айылынын Н. М. аттуу тургуну экени аныкталган. Ошондой эле ал абактан качып кетип издөөдө жүргөнү белгилүү болгон.

Азыркы тапта шектүү эки айга камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.

Кадамжай милициясы өзүн “УКМКнын кызматкеримин” деп тааныштырып, алдамчылык кылып жүргөн жаранды кармады. 2019-жылдын 04-декабрь күнү Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын 27жаштагы тургуну “Төлөнов Руслан” аттуу жаран 2019-жылдын 15-июлунан 12-октябрына чейинки аралыкта алдамчылык жолу менен 180 000 сом акча алып, ар кандай шылтоолорду айтып, качып жүрүп, акырында изин жашырып кеткендигин билдирип, арыз жазган. 2019-жылдын 12-декабрь күнү Кадамжай шаарынын 54жаштагы тургуну 2019-жылдын 6-сентябрь күнү Кадамжай шаарында бейтааныш атуул “УКМКнын кызматкеримин атым Руслан” деп тааныштырып, 24 000 (жыйырма төрт миң) сомдук унаа тетиктерин алып, акчасын эртең беремин деп, азыркы күнгө чейин кайтарып бербестен алдап качып жүрөт деп арыз менен кайрылган. 2019-жылдын 11-декабрь күнү Айдаркен шаарынын 43жаштагы тургуну 2019-жылдын октябрь айында Айдаркен шаарында өзүн “СНБдан Жээнбеков Руслан” деп тааныштырган атуул арыздануучудан жериңдин документин бүтүрүп беремин деп, 10 000 (он миң) сом акчасын ишеничине кирип алдап алып кетип, ушул күнгө чейин акчасын кайтарып бербей качып жүргөндүгү боюнча арызда билдирген. 2019-жылдын 12-декабрь күнү Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын 52жаштагы тургуну 2019-жылдын сентябрь айынын аяктарында Кадамжай районунун Бел айылындагы дүкөнүндө ага бейтааныш болгон өзүн “СНБда иштеймин, атым Руслан” деп тааныштырган бала ишеничине кирип жалпы суммасы 15 000 (он беш миң) сомдук ар кандай кийим кечелерин насыяга алып, акчасын ушул күнгө чейин кайтарып бербей, изин жашырып качып кеткен деп өз арызында билдирген. 2019-жылдын 12-декабрь күнү Кадамжай шаарынын 51жаштагы тургуну 2019-жылдын август айынын аяктарында Кадамжай шаарынын Орозбеков көчөсүндөгү азык түлүк дүкөнүнөн ага бейтааныш болгон өзүн “ГКНБнын кызматкеримин атым Руслан деп, апам каза болуп калды, куран окутам” деп ишеничине кирип, жалпы суммасы 26 340 (жыйырма алты миң үч жүз кырк) сомдук азык түлүктөрүн алып кетип, ушул күнгө чейин акчасын бербей изин жашырып качып кеткен деп арыз менен кайрылган. 2019-жылдын 12-декабрь күнү Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын 51жаштагы тургуну 2019-жылдын ноябрь айынын башында ага бейтааныш болгон өзүн “УКМКнын начальнигинин орун басарымын, атым Руслан деп тааныштырып, апам каза болуп калды акча керек” деп ишеничине кирип, 30 000 (отуз миң) сом акчасын алып, ушул күнгө чейин кайтарып бербестен, изин жашырып качып кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган. Бул жогорудагы 6 факты Кыргыз Республикасынын КЖКнин 204-бер. 1-б. көрсөтүлгөн кылмыштын курамы болгондуктан, Кадамжай РИИБнин КЖБРне катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Мындан сырткары Кызыл-Кыя шаарынан дагы 3факт алдамчылык башкача айтканда, 195миң сомдук “Мерседец-Бенц” автоунаасын, жалпы баасы 17миң сомдук 2баш кочкор жана базардан 11миң сомдук кийим кечени алдоо жолу менен алып кеткендиги аныкталды. Жогорудагы кылмыштардын бетин ачуу максатында Кадамжай РИИБнин КМКнын кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, өзүн элдерге УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырып, алдамчылыктарды жасаган Жээнбеков Руслан аттуу жарандын жүргөн жери аныкталып кармалып, Кадамжай РИИБне алынып келгенде ал өзүн “1985-жылы туулган Абдужапаров Алмаз Төлөгөнович Чоң-Алайдан боломун”деп жооп берип, өз көрсөтмөсүндө жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгын толугу менен мойнуна алып, жеңил акча табуу максатында өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырып, алдамчылыктарды жасагандыгын билдирген. Бирок Кадамжай РИИБнин жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында бул жаран Жалал-Абад областынын Сузак районунун Жерге-Тал айылынын тургуну 37 жаштагы Момбеков Нурланбек Долотбекович экендиги аныкталып, буга чейин 2016-жылы КРнын КЖКнин 166-беренеси менен Ош ШИИБ тарабынан жана эркиндигинен ажыратуу жайларынан качкандыгы үчүн КРнын ЖАМК тарабынан издөөдө жүргөндүгү такталып, учурда Кадамжай райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан 2 айга камакка алынып, убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Опубликовано Дамирой Юсуповой Среда, 25 декабря 2019 г.

Булак: Sputnik.kg

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь