Аялды тебелеп кеткен маршрутканын айдоочусу кармалган жок. Бул тууралуу Бишкек милициясынан билдиришти.

Маркум 1964-жылы туулган Ш.В. аттуу жаран экени аныкталды. Азырынча зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар жүргүзүлүүдө.

Эскерте кесек, кечээ, 25-декабрь күнү Бишкектеги Байтик баатыр менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде аялды маршрутка сүзүп кетип, ал ошол жерден каза болду деген маалымат социалдык тармактарга тараган. Көп өтпөй Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы №164 маршрутканын айдоочусу унааны башкара албай калып 41 жаштагы аялды сүзүп кеткенин билдирген.

Бирок кийин кырсык аял маршруткадан түшкөн соң тайып кетип жыгылганда болгону ачык көрүнгөн видео тарады.

Учурда Жазык кодексинин 297-беренесине (Жол кыймылынын жана автомототранспортту колдонуунун эрежелерин бузуу) ылайык, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
2
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: