Бишкекте баңгизатты жарнамалаган баннердин ээси табылды

452

Бишкек шаарында баңгизатты жарнамалагандар табылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын уюштуруу-аналитикалык башкармалыгынын башчысы Айдар Шигаев билдирди.

«Бул ачык жарнама болгон. Биздин кызмат бат реакция жасады. Жарнама алынды, мэрияга кайрылдык. Жыйынтыгында күнөөлүүлөр табылды. Буйрутма Кыргызстандан эмес, Россиядан берилген. Эч ким кармалган жок», – деди Шигаев.

ИИМдин башчынын орун басары Мирлан Каниметовдун айтымында, жарнаманын мазмуну Казакстанга көрсөтүлгөн.

«Дарек жана баңгизат жүгүртүлгөн жер Казакстанда жайгашкан. Азырынча чоо-жайын айта албайбыз. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат», – деди Каниметов

Эскерте кетсек, жарнама тактасы шаарыбыздын Чүй проспектиси менен Курманжан Датка кѳчѳсүнүн кесилишинде жайгашкан. Анда баңгизат саткан интернет сайттын дареги жана QR-коду жазылган. Мындан тышкары кардарларды тартуу максатында iPhone ойнотуп жатканы маалымдалат.

Мындай жарнама такталар буга чейин Алматада, Карагандада, Шымкентте, Нур-Султанда жана Өзбекстанда да илинген болчу. Бирок ал жакта шаар бийлиги дароо алган болчу.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь