Бишкек шаарында 31-декабрда Жаңы жыл майрамына карата веложүрүш өтөт. Бул тууралуу Велоспорт федерациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул спорттук иш-чара 10 жылдан бери уюштурулуп келет. Веложүрүш саат 12:00дө Түштүк дарбаза паркында башталып, катышуучулар Бөкөнбаев көчөсүнө чейин барып, андан кийин Эркиндик бульварына бурулуп, «Ала-Тоо» аянтына келишет.

Уюштуруучулар: «Велосипедди кооздоп, Аяз атанын же Аял кыздын кийимин кийип, жаныңызга мандарин жана таттуу алып, шаар аралап, балдарды Жаңы жыл менен куттуктаңыз», – деп чакырык ташташты.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 60