31-декабрда саат 20:00дө Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында жаңы жылдык иш-чара башталат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

29-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жаңы жылдык балаты уюштурулат. Ага мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим жана аз камсыз болгон, 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгон жана жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары, окууда мыкты жетишкен балдар жана мектептер арасында өтүүчү олимпиадалардын жеңүүчүлөрү чакырылган.

Майрамдык иш-чаралардын программасы:

Биринчи май районундагы иш-чара

– 25-декабрда «Ала-Тоо» аянтындагы Курманжан датканын эстелигинин жанында жаңы жылдык жармаңке башталган.

– 27-декабрда саат 14:00дөн баштап, Тоголок молдо атындагы гүл бакчада майрамдык оюн-зоок болот.

– 28-декабрда саат 17:00дө Шербаков конушунда жаңы жылдык оюн-зоок уюштурулат. Ошондой эле Мурас-Ордо конушунда иш-чара саат 10:00дө, «Жаштар» паркында саат 11:00дө башталат.

Октябрь районундагы иш-чара

– 26-декабрда саат 18:00дө Ахунбаев менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги гүл бакчада «Шайыр-Балалык» балдар чыгармачылык борборунун тарбиялануучулары концерт коет.

– 30-декабрда саат 12:0дө Тунгуч кичи районунда №73, №93 мектептердин окуучулары жана «Шайыр-Балалык» балдар чыгармачылык борборунун тарбиялануучулары майрамдык концерт коюп, жаңы жылдык жармаңке болот.

Свердлов районундагы иш-чара

– 28-декабрда саат 10:00дө Келечек конушунда №87 мектептин жанында шоу-программа уюштурулат.

Ленин районундагы иш-чара

Ленин районунун жашоочулары үчүн 31-декабрга чейин Киев менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы жылдык жармаңке болот.

– 27-декабрда саат 16:00дө жана 28-декабрда саат 14:00дө «Чон-Арык» маданият үйүндө жаңы жылдык концерт болот.

– 28-декабрда саат 15:00дө Чүй проспектиси менен Жаш гвардия бульварынын кесилишинде балдарга арналган иш-чара өтөт.

Булак: Barakelde.org

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: