Ошко келген памирлик кыргыздардын ден соолугун текшеришти (Фото)

330

Кечээ, 25-декабрда Ош облусундагы мобилдик клиника афганистандык этникалык кыргыздарга медициналык текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мобилдик клиникада этникалык кыргыздарды Ош облустар аралык бириккен ооруканасынын дарыгерлери терапевт, акушер-гинеколог, кардиолог, невропатолог, педиатр менен текшерет. Ошондой эле лаборатордук анализдер менен УЗИден текшерүү жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, Памирлик кыргыздар Алай районунун Сары-Могол айылына 23-декабрда келишкен.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь