Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртпөй, Равшан Жээнбеков 9-февралга чейин камакта калды. Чечим 26-декабрда чыкты. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, соттук коллегия биринчи инстанция чыгарган мурунку депутатты Бишкектеги № 1 тергөө абагында калтыруу тууралуу чечимин күчүндө калтырды.

«Сот биздин далилдерди эске албай, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Биз бул токтомду мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейбиз. Равшан Жээнбеков өзү Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча түзүлгөн комиссиянын корутундусунда анын сөзүн бурмалап коюшкан деп божомолдоодо. Мындан тышкары комиссия саясий тапшырыкты аткарды деп эсептейт», — деди cаясатчынын адвокаты Замир Жоошев.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 54