Кыргызстандын Футбол федерациясы Бишкекте футбол академиясын куруу үчүн мэрия сунуштаган жерге макул болгон жок. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Азиз Суракматов “Азаттыкка” билдирди.

Маалыматка ылайык, футбол академиясын курууга мэрия үч жер тилкесин сунуштаган. Футбол федерациясынын баш катчысы Нурдин Букуев ал жер тилкелери ФИФА берип жаткан гранттын талабына жооп бербей турганын айткан.

«Эл аралык футбол федерациясынын талабына ылайык бизге сунушталып жаткан Кара-Жыгач токойчосуна футбол академиясын куруу туура эмес болот. Анткени бул парк шаарга керек жер. Ак-Өргө конушунан сунушталып жаткан жер тилкеси беш гектар гана. 11-кичи райондогу жерге футбол талаасын курууга мүмкүн эмес. Футбол академиясы үчүн 8 же 10 гектар керек. Эгер маселе 31-декабрга чейин чечилбесе ФИФА бул грантты башка мамлекеттерге берет», -деди Нурдин Букуев.

Макала жактыбы?

НетДа
2
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 139