Өзбекстандын Олий мажилисине этникалык кыргыз, окумуштуу Нодира Джанибекова депутат болуп шайланды. Бул туурасында Өзбекстандын маалымат агенттиктери жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Нодира Джанибекова Абдусаломовна 46 жашта жана Ташкент шаарында төрөлүп, Гүлистан мамлекеттик университетин аяктаган. Эмгек жолун методист болуп баштап, кийин тарых жана коом таануу мугалими болуп уланткан. Андан соң өзү аяктаган университетте мамлекеттүүлүк негиздери жана укук боюнча сабак берген. Учурда улук окутуучу.

Парламенттик шайлоого “Адолат” социал-демократтар партиясынан катышкан. БШКга талапкер катары Олий Мажилиске — Мыйзам чыгаруу палатасына №74 Янгиер шайлоо округунан катталган. Мындан сырткары ал өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына талапкер кезиндеги үгүт баракчасын жарыялаган.

🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹Родная моя, самая старшая сестра Нодира, поздравляю тебя от души с честным результатом в 74 % и с…

Опубликовано Ферузахон Джанибековой Понедельник, 23 декабря 2019 г.

Макала жактыбы?

НетДа
86
4
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: