31-декабрда Бишкектеги Чүй проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу маалымат жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү саат 18:00дөн түнкү саат 24:00гө чейин жабылат.

“Борбордук «Ала-Тоо» аянтында кечки саат 20:00дөн баштап түнкү 23:30га чейин концерттик иш-чара өтөт”, — деди Н. Сатыбалдиев.

Мындан улам шаардын тургундары менен жашоочуларын түшүнүү менен кабыл алууларын суранат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: