Айсулуу Мамашова «Ата-Мекен» фракциясынын лидери болду

Депутат Айсулуу Мамашова «Ата-Мекен» фракциясынын лидери болуп шайланды. Буга чейинки лидери Алмамбет Шыкмаматов бүгүн депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырып кеткен болчу.

Фракция лидерлигине Садык Шер-Нияз менен Сайдулла Нышанов ат салышып, экөө тең беш-бештен тең добуш алып калышкан.

Ал эми Мамашова өзүнүн лидер болуп шайланып калганына таң калып “шок” абалда турганын айтты.

Айсулуу Мамашова 1988-жылы 22-ноябрда Бишкекте туулган. Жогорку билимдүү.

2005-жылы «Автоучкомбинат» ЖЧКсынын башкы директору болуп эмгектенген. 2009-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин «Фирма Дасмия» ЖЧКсынын президенти.

2015-жылдын 4-октябрында «Ата Мекен» социалисттик партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясаты боюнча комитетинин мүчөсү.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь