Казакстандагы учак кырсыгынан жабыркаган бир кыргызстандык азыр ооруканада жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди. Жабыркаган жаранга элчиликтен кызматкерлер жөнөп кетишти.

Бүгүн 27-декабрда эртең менен “Bek Air” авиакомпаниясына таандык “Fokker-100” учагы Алматынын аэропортунан Нур-Султанды көздөй сапар алган. Бир нече убакыттан кийин Гүлдала айылынын четине кулап түшкөн. Ичинде, баштапкы маалыматка караганда, 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон.

Алматынын акимчилигинин соңку билдирүүсүнө караганда, каза болгондордун саны 15 адамга жетти. 66 адам ооруканада. Учакта жалпы 4 чет элдик жаран болгон.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 135