Бүгүн 27-декабрда таңкы саат 07:22де Казакстандын Алматы шаарынын үстүнө учак кулады. “Бек Эйр” авиакомпаниясынын учагы 07:05де Алматыдан Нур-Султанга учуп келе жатып радардан жок болуп кеткен.

Учак аэродромдун сыртына кулаган учурда турак үйлөрдө жашоочулар болгону же болбогону азырынча белгисиз. Алдын ала маалыматтар боюнча учак эки кабаттуу имаратты барып сүзгөн.

Учактын ичинде 95 жүргүнчү жана экипаждын 5 мүчөсү болгон. Учурда 7 адам каза болуп, аман калгандар бар экени маалымдалды.

Куткаруучу топ жеринде иш алып барып, өлкөнүн өкмөт башчысы комиссиялык топ түздү.

Макала жактыбы?

НетДа
6
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: