Кечээ түнү Бишкекте феминаленин куратору Айгүл Карабалинага кол салуу болду. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты. Жабырлануучунун айтымында ага 30 жаштар чамасындагы эки эркек кол салган.

“Башымдын жаракаты, көзүмдүн көгөргөнү өтүп кетет, бирок алар менин жана баламдын өмүрүнө коркунуч туудурушту. Мен баламдын коопсуздугу үчүн эртерээк өлкөдөн чыгып кетейин деп жатам“,- деп жазган Айгүл Карабалина.

Вчера ночью возле дома на меня напали двое мужчин. Сотрясение мозга и синяк под глазом это пройдет, но они угрожали мне. Мне страшно и я хочу побыстрее уехать, чтобы не подвергать опасности моего ребенка.

Опубликовано Aygul Karabalina Четверг, 26 декабря 2019 г.

Бишкек ШИИББи болгон окуя боюнча текшерүү башталганын бирок жабырлануучу тарабынан эч кандай арыз түшпөгөнүн билдирди.

Эске салак кетсек, Бишкекте биринчи жолу феминале көргөзмөсү болуп өткөн. Анда көркөм сүрөт музейинде 22 өлкөдөн келген 56 сүрөтчү катышкан. Андагы аялдардын жылаңач денесин көргөзүп чыкканы көпчүлүктү нааразы кылып, кызуу талкуу жараткан. Натыйжада Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Мира Жангарачева кызматынан кеткен.

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 165