Грузиянын полициясы баңгизаттарды ташыган топтун мүчөлөрүн кармашты. Алардын арасында 3 кыргызстандык жаран бар экени тууралуу маалымат Грузиянын Ички иштер министрлигинин сайтында жарыяланган.

Маалыматка караганда, «Telegram» социалдык түйүнү аркылуу баңгизаттарды жасап, сактап жана Армения, Грузия, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнө сатып жүрүшкөн. Кыргызстандын 2000-жылы туулган Д.К. аттуу жараны менен Грузиянын 1985-жылы туулган жараны Тбилиси менен Батуми шаарындагы кичи лабораториялардын биринде химиялык заттарды, прекурсорлорду аралаштырып, «Альфа-PVP» баңгизатын чыгарып жүргөнү аныкталды.

Андан соң баңгизаттар таңгактоого жиберилип, «химиктер» жетекчилер менен байланышып, баңгизаттар катылган жайды кабарлашчу. Ал эми Кыргызстандын 2 жараны — 1997-жылы туулган У.Ш. менен 1992-жылы туулган А.Б. катылган жерден баңгизаттарды алып, башка жерлерге жөнөтүшкөн.

Укук коргоо органдары Тбилиси, Кутаиси менен Батуми шаарларынан Грузия, Россия, Украина, Кыргызстан жана Казакстандын жарандарын кармашты.

«Убактылуу жашаган жерлерине тинтүү жүргүзүлгөн. Анда ар кайсы жерде катылган 21 килограмм порошок менен 10 литр «Альфа-PVP» баңгизаты табылган. Ал эми алардын болжолдуу баасы 6 миллион ларини (2,1 миллион доллардан ашык) түздү», – деп айтылат ИИМдин маалыматында.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: