Кытайлык ишкер тамактануучу жайына кардарларды тартуу үчүн салттуу эмес жолду тандаган. Башкача айтканда ал тамакка апийим кошкон. Бул кылыгы үчүн ишкер камакка алынды.

Кытайдын Гуанси автономдук районунда кесме өндүргөн ишкер тамакка кошулган “купуя сыр” татымалы катары апийим кошуп турганын чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты. Полиция мекемеге келген кардардын биринен баңги затка карата тест алганда ал аныкталып калды.

Кардар эч качан баңги колдонбогонун айтып, акыркы жолу Гуансидеги кафеден үлүлдөн жасалган кесме шорпо ичкенин эстеген. Полиция тамактануучу жайдагы капта сакталган үлүлдөрдү текшергенде курамында баңги заты бар экени аныкталып чыккан.

Кафенин ээсинен 76 г опий магы алынып, тамактануучу жай жабылды. Ишкер сурак учурунда күнөөсүн мойнуна алып, кардарларды көз каранды кылып кайра-кайра келтириш үчүн тамактарга баңги затын колдонгонун билдирди.

Ошондой эле ал төрт жылдан бери үйүнүн жанында опий магын өстүрүп келгенин айтып берди.

Макала жактыбы?

НетДа
11
5
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: