Корпоративде мушташкан чиновниктер Казакстандын интернет тармагында кызуу талкууга алынды.

Видеороликтер jexennews Тelegram-каналына жарыяланды. Кадрга Алматы облусунун Жамбыл районунун жер мамилелери жана архитектура бөлүмүнүн кызматкерлери түшүп калган. Ал эми мушташтын катышуучуларынын бири – райондун акиминин орун басары экени белгиленген.

Облустук акимиат бул окуя боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн кабарлады. Кызматтык иликтөөдө эгерде аталган чиновниктердин мушташка катыштыгы болсо, аларды иштен кетирүүгө чейин катуу жазаланат.

Облустун акими буга чейин мамлекеттик кызматкерлерге жана акимиаттын алдындагы ведомстволордун кызматкерлерине жаңы жылдык корпоративдерди өткөрүүгө тыюу салган”,-дейт аймактык акимиаттын маалымат кызматы.

Жамбыл районунун акиминин орун басары видеодо түшүп калганы аныкталды. Ал эч кандай корпоративге эмес, ресторанга саат 00:30да барып ал жактагы кардарлар менен уруша кеткен. Кийин уруш мушткашка чейин жетип, учурда андан түшүнүк кат алынды.

Ресторандын администратору ал күнү эч кандай корпоратив өткон эмес деп ишендирет.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: