Онкология бөлүмүн Жалдагы ооруканага көчүрүү пландалып жатат

2020-жылы онкология бөлүмүн Жал кичи районунда жайгашкан ооруканага көчүрүү пландалып жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

“Биз бөлүмдү оңдоп, жабдуулар менен камсыз кылууну пландап жатабыз”, – деди ал.

А.Өмүрбекова Саламаттыкты сактоо министрлигинин бул жылдагы негизги жетишкендиктерин санап өттү. Анын айтымында, 2020-жылы химиотерапияга бюджеттен 160 млн сом бөлүнүп берилет. Анын ичинен 100 млн сом улуу адамдарга болсо, 60 млн сому жаш балдарга.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь