Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы туризм департаменти “Эң мыкты туристтик коомдук дааратканынын дизайн-долбооруна” сынак жарыялады.
Департамент бул сынакты өлкөдө бирдиктүү стандарттагы туристтик даараткананын дизайн-долбоорун иштеп чыгуу максатында өткөрүп жатат. Сынактын жол жобосу тууралуу толугу менен туризм департаментинин сайтынан таанышсаңыздар болот. Калыстар төмөнкү жоболор менен баалашат:
• өзгөчөлүгү жана оригиналдуулугу
• функционалдуулугу
• стилистикалык бирдиктүүлүгү
• композициянын мейкиндигинин бирдиктүүлүгү
• материалды берүү сапаты
• Улуттук түстүн болуусу
• КР нын мыйзамдырына төп келүүсү
Сынактын жыйынтыгы 30-январда чыгат. Жеңүүчү 15миң сомго ээ болот.