Алмамбет Шыкмаматов депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн БШКга арыз жазды.

Бул тууралуу өзү тастыктап, Жогорку Кеңештен жана “Ата Мекен” партиясынын мүчөлүгүнөн чыккан себебин түшүндүрдү. Анын айтымында чечим оңой кабыл алынган жок.

Мен социалисттердин катарында 15 жыл болдум. Саясатчы катары “Ата-Мекен” партиясы аркылуу өстүм. Партиялаш жолдошторума жана лидери Өмүрбек Текебаевге чоң урматым менен мамиле кылам. Текебаев Өмүрбек Чиркешович өтө күчтүү саясатчы, мыйзам чыгаруу жаатында астына киши салдырбайт. Күчтүү политтехнолог, тажрыйбасы мол, саясий комбинациялардын атасы, харизмасы бар күчтүү лидер жана тарыхый инсан. Бирок ортобуздан “кара мышык аралап өттү” десек болот”, – деди Шыкмаматов.

Шыкмаматов Текебаевден көп нерсе үйрөнгөнүн белгилеп, бирок аны кумир тутуп алганын катачылыгы катары баалады.

Өмүрбек Текебаев менен болгон пикир келишпестиктерден улам эң жаман түшүмдө дагы «Ата Мекен»партиясынан кетүүгө жана депутаттык мандатты тапшырууга мажбур болорумду элестеткен эмесмин”,- деген оюн айтты.

Ошону менен катар Шыкмаматов “Жеке ар-намысым мен үчүн мандаттан да, кызматтан да жогору болуп келген. Бирок саясаттан кетпейм. Өзүм менен көз карашым төп келишкен саясатчылар, топтор менен биригем” деп, “Саясат Текебаевдин менчиги эмес” деген оюн кошумчалады.

 

Макала жактыбы?

НетДа
6
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 488