Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылы эс алуу жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында «2020-жылы дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө» өкмөттүн токтомуна кол койгон.

Токтом боюнча, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн:

– 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнү эс алуу күнүнө (жекшемби) туш келгендиктен 24-февраль дагы эс алуу күнү болот. Бул күн 2-январдагы жумуш күнүнө которулат;

– 8-март — Айымдардын эл аралык күнү эс алуу күнүнө (жекшемби) туш келгендиктен, 9-марттагы эс алуу күнү 3-январдагы жумуш күнүнө которулат;

– 21-март — Нооруз майрамы ишембиге туш келип, 23-марттагы эс алуу күнү 6-январдагы жумуш күнүнө жылдырылат;

– 9-май — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү ишембиге туш келип, 11-майдагы эс алуу күнү 4-майга жылат.

Жаңы жылды белгилөөгө байланыштуу республиканын жарандары 1-январдан 7-январга чейин, ошондой эле 1-майдан 5-майга чейинки май майрамдары учурунда эс алышат.

Макала жактыбы?

НетДа
3
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: