Бүгүн 28-декабрь күнү борбор калаанын эски аянтында ички иштер министрлигинин гарнизондук саптык кароосу өттү. Жаңы жыл алдында ички иштер министрлиги коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүүдө.

Өзгөчө мааниге ээ болгон, стратегиялык жана өзгөчө кайтарууга ала турган жайлар, жашоо тиричиликти камсыз кылуучу объектилер күчөтүлгөн кайтарууга алынат.

Саптык кароодо ИИОнын кызматкерлеринин кызмат өтөөгө жана өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу даярдыгы, андан сырткары сырткы келбети, сапка атайын тартипте туруусу текшерилди.

Жаңы жылдык иш-чараларга байланыштуу 30-декабрдан баштап 1-январга чейин ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө киришет. Аталган гарнизондук саптык кароого ички иштер министри Кашкар Джунушалиев, министрдин орун басарлары, ИИМдин борбордук аппараттын башкармалыктарынын, Бишкек шаардык жана Чүй областтык милициянын жетекчилик курамы катышышты.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 166