«Коопсуз шаар» долбоору 2019-жылдын 4-мартынан баштап иштей баштаган. Ушул жылдын башынан 24-декабрга чейин 896 миң 283 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаары менен Чүй облусунун камералары орнотулган жерлеринде жол кырсыктарынын азайганы байкалганын жана Бишкекте жалпы жол кырсыктарынын саны 40 пайызга төмөндөп, каза болгондор дээрлик катталбагандыгын. Чүй облусунда жол кырсыктарынын саны жалпы 50 пайызга азайгандыгын башкармалыктан билдиришти.

Ошондой эле, эреже бузуулар боюнча 479 миң 329 айдоочу айыппул төлөнүп, анын суммасы 572 миллион 564 миң 635 сомду түзгөн.

Макала жактыбы?

НетДа
2
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: