27-декабрдан 28-декабарга караган түнү түнкү рейдке чыккан милиция кызматкерлери Ноокат шаарындагы тамактануучу жайдын самса жабуучу тандырдын ичинде күйүп баштаган жарандын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Болжол менен түнкү саат 01:15 чамасында милициянын эки кызматкери Эрмекбай уулу Өмүрбек жана Уларбек Кожошовдор күзөттө жүргөн көчөдө тандырдын ичи түтөп жатканын байкап калышат. Караган учурда самса жабуучу тандырдын ичинде эс-учун жоготкон белгисиз жарандын кийимдери күйүп баштаган. Ыкчамдык менен ал жаранды тандырдын ичинен алып чыгышып, күйүп жаткан кийимин өчүрүшүп, алгачкы медициналык жардамды көрсөткөн соң медициналык тез жардамды чакырышкан.

Жабырлануучу Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну 1982-жылы туулган А.А экендиги аныкталды. Учурда ал өзүнө келип, Ноокат райондук ооруканасында дарыланууда.

Белгилүү болгондой жабырлануучу сыртта катуу суук болуп үшүгөндүктөн тандырдын ичине кирип жаткан. Тандырдын чогу өчпөгөндүктөн түтүнгө ууланып эс учун жоготуп койгондугун билдирген. Анын бут кийими жана курткасы жаңыдан күйүп баштаганда түнкү күзөттөгү милиция кызматкерлери байкап калышкан.

 

Макала жактыбы?

НетДа
26
2
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: