Самарада таксист аялды төрөтүп күйөөсү менен баласын үйүнө жеткирип койгон. Бул тууралуу Lenta.ru жазып чыкты. Жаңы эле балалуу болгон Фариддин айтымында ал 25-декабрда жубайы менен конокко барган. Андан кайтып келе жатышканда, тыгында жубайынын толгоосу башталып калган.

Мен эмне кылаарымды билбей калдым. Жолдун баары тыгын, колдорум калтырап калды. Ошол жерден айдоочу коркпо, тынчтан бары жакшы болот деп айтты. Мен анда таксист бизди түшүрүп салат го деп ойлогом”- дейт Фарид.

Анын айтымында айдоочу обочороок жерге машинесин токтотуп, барын өзү кылып, баланы аман эсен төрөтүп алган. Төрөттөн кийин таксист жубайларды үйүнө алып келип, андан соң аларды тез жардам алып кеткен.

Айдоочунун айтымында анын курбу кызы төрөтканада иштейт, ошол себептен ал төрөттө эмне кылуу керек экенин билгенин айтат. Мындан сырткары анын автоунаасында эки аптечка болгон. Ымыркайдын атасы баласынын атын Марсел коюууну ойлоп жүргөн бирок, эми айдоочунун атын коюп Денис деп ыйгармак болушту.

Биз жубайм экөөбүз дагы балалуу болууну пландап жатабыз, албетте эмкисин Дениске гана келебиз”,- деп тамашалады Фарид.

Макала жактыбы?

НетДа
8
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: