Москвада дарыланып жаткан Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун дарылануусуна өкмөт тараптан  3,5 млн. сом бөлүнөт .Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.  Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол коюп, акча Саламаттык сактоо министрлигинин ушул жылдагы бюджетинен каралган.

Курманкулов Кой-Ташта 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда башына таш тийип, оор жарадар болгон. Бир нече күн бою комада жатып, 11-августта Орусиядан келген дарыгерлер менен кошо консилиум өткөрүлгөндөн кийин 12-августта Москвага которулган. Бишкекте ага эки жолу операция жасалган.

Макала жактыбы?

НетДа
1
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: