Алматыдагы учак кырсыгынан курман болгондорго коюлган гүлдү шаар тургуну аз жерден уурдап кете жаздады. Бул учурда гүлчамбар коюлган жерден алыс эмес жерде жүргөн фотограф Вячеслав Батурин окуяга күбө болуп, арам ойдогу адамды токтотуп калган.

Уурулукка жол бербеген алматылык фотограф окуяны өзүнүн Facebook баракчасына жазды. Батуриндин айтымында, ал кишини көргөндө эскерүү максатында гүл коюуга келди деп ойлогон. Бирок бир нече көз ирмемден кийин баягы киши кучагына гүлдөрдү кысып көтөрүп жөнөгөн.

Эске салсак, 28-декабрда Казакстанда аза күтүү күнү деп жарыяланган. Алматылыктар эл аралык аэропорттун башкы терминалына курман болгон 12 жаранды эскерүү үчүн гүл алып келип коюшкан.

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 528