Алматыдагы учак кырсыгында жабыркаган Кыргызстандын жаранына операция жасалды. Ал жаран учурда ооруканада жатат. Белгилүү болгндой ага Сабырбек Жумабеков операция жасаган.

Кыргызстандын Алматыдагы консулдугунун кызматкерлери андан кабар алып келишкени жана абалы туруктуу экени маалымдалды.

Эскерте кетсек, 27-декабрда казакстандык «Bek Air» авиакомпаниясынын “Алматы – Нур-Султан” багыты менен чыккан учагы саат 07:05те учуп чыгып, радарлардан жоголуп кеткен. Учакта 95 жүргүнчү жана экипаж беш мүчөсү болгон. Казакстандык ММКлардын маалыматы боюнча, кырсыктан 12 адам каза болгон. Божомолдор боюнча, учак учуп чыгып, көтөрүлө албай эки кабаттуу имаратты сүзгөн. Аталган учакта Кыргызстандын бир жараны болгон. Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулдугунун маалыматы боюнча, учакта 1983-жылы туулган К.М. аттуу КР жараны болгон.

Макала жактыбы?

НетДа
3
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: