28-декабрда Кара-Балта шаарынын «Манас» спорттук комплексинин кышкы бассейнинде спорттун суу түрлөрү боюнча жаш-өспүрүмдөр арасында мелдештер өттү. Аталган мелдештин ачылышына Жогорку Кеңеш депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Кара-Балта шаарынын жаш спортчулары, алардын ата-энелери катышты.

Эске сала кетсек, Кара-Балта шаарынын кышкы бассейни 1977-жылы курулган. Ал убакыттан бери капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөндүктөн авариялык абалга келип, акыркы жылдары иштебей турган.

Быйыл депутат Бакирдин Субанбековдун демилгеси менен Өкмөт тарабынан көңүлгө алынып, республикалык бюджеттен 15 млн. сом, жергиликтүү бюджеттен 11 млн. сом акча-каражат бөлүнгөн. Андан соң тийиштүү тендерлер аркылуу капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада аталган бассейн толугу менен ишке берилип, суу спорт сүйүчүүлөрүнө кызмат кыла баштады.

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: