Алматылык жигит кароосуз калган ит кантип кожоюнун Кыргызстандын тоолорунан таап алган кызыктуу окуясын айтып берди.

“Эки ай мурда Франциядан келген жаш түгөйлөр Кыргызстандын тоолорунан шимшилеп жүргөн итти жолуктурушкан. Кыз жигит ага тамак берип, кийин ит алардын артынан калбай ээрчип алган. Лео аттуу кыз итке дароо байланып аны өзү менен кошо алып кетүүнү чечкен. Бирок, ал үчүн бир топ документтерди толтуруу керек болуп, Кыргызстанда бул көйгөйлөргө алып келген.

Мындан улам кыз чек ара аркылуу алып өтүүгө жеңилдетилген уруксат алып, Алматыга барышкан. Лео адегенде жигити менен Грузияга учуп, андан кийин Азербайжан, Түркияга барып ал жактан Европага кайтууну пландашкан. Бирок ит үчүн Казакстанда калып, жигити учуп кеткен”,- деп баяндайт кыз ити менен бирге жашаган мейманканын ээси Шакир Исламбакиев.

Итке Бен деген ысым ыйгарылган. Итке доукменттерди чогултуу Леого оңой турган эмес, эки ай дегенде ветеринардык паспорт колуна тийип, акырында тоодон тапкан ити менен мекенине учуп кеткен.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 309