2801823 04.03.2016 Посетитель у автомобиля ЗИС-115 на выставке "Гараж особого назначения" в парке "Сокольники" в Москве. Владимир Астапкович / РИА Новости

Москванын түндүгүндө белгисиз жарандар гаражга кирип, Иосиф Сталиндин лимузинин уурдап кетишти. Бул тууралуу Baza Telegram-каналы маалымдады.

СССР убагында ЗИС-115 үлгүсүндөгү унаа эң жогорку класстагы унаа катары саналчу. Мындай унаадан жалпы 56 даана чыгарылган. Белгилүү болгондой, 1949-жылдан тарта бул унааны Иосиф Сталин өзү айдаган.

Лимузин 27-декабрга караган түнү уурдалган. Белгисиз бирөөлөр ЗИСти эвакуаторго жүктөп, белгисиз тараптарга из жашырышкан.

Учурдаа унааны уурдагандар изделүүдө. Документтерге ылайык автомашина коопсуздук кызматынын башчысы украиналык ишкер Руслан Тарпанга таандык. Раритет унаанын боложолдуу баасы 2,5 миллион еврону түзөт.

 

Макала жактыбы?

НетДа
8
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 571