Эл аралык футбол федерациясынын грантынын эсебинен курула турган футбол борборуна берилчү жер такталды. Бул туурасында Кыргызстандын футбол федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, футбол борборду курууга Чүйдүн Сокулук районунун Орок айылынан жер берилет. Мындай келишимге өлкөнүн Футбол федерациясы (КРФФ) менен Орок айыл өкмөтүнүн жетекчилигинин сүйлөшүүлөрүндө жетишилген. Ал жер тилкеси Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы Масалиев көчөсү жана Арча-Бешик конушунун кесилишинде жайгашкан.

Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) менен Азиялык футбол федерациясы (AFC) өлкөдө футбол борборун куруу үчүн 10 миллион доллар бөлүүнү пландоодо. Бул административдик кеңсе катары салынып, айланасына кичи оюн талаасы жана трибуналары бар эки ири оюн талаасы курулмакчы. Ал Кыргызстан курама командасы менен “Алга” (Бишкек) клубунун спорттук базасы болот. Ал үчүн 8-10 гектар жер керек экендиги айтылды.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: