Саналуу сааттардан кийин Кыргызстан жаңы жыл тосот. Бул майрам өлкөдө өзгөчө шаң менен белгиленет. Алсак, майрамдын символу катары көпчүлүк үйүнө кооздолгон жаңы жылдык балатыны орнотот. Vesti.kg депутаттардын үйүнө коюлган балатылардын сүрөтүн жарыялады. 

Депутат Исхак Масалиевдин үйүнө бир нече балаты коюлган, алардын бири атайын идиште өстүрүлгөн жандуу балаты.

Депутат айым Евгения Строкова анча чоң эмес балатыны гирляндылар менен кооздогон. 

Ал эми кесиптеши депутат Аида Исмаилова адамдын бою менен тең келе турган, көп оюнчуктар менен кооздолгон балатыны койгон.

Жакында “Республика” партиясынын лидери болгон эл өкүлү Мирлан Жеенчороевдин үйүндө мишура жана оюнчуктар менен кооздолгон анча чоң эмес балаты орнотулду.

Экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин үйү жаңы жылга карата жасалгаланган. Анда көрүнүп тургандай өтө бийик балаты оттун жанына коюлган. Сүрөттө кызы Айсара. 

Экс-премьер-министр Феликс Кулов дагы жасалгаланган балатынын сүрөтү менен бөлүштү. Сыртынан жандуу көрүнгөнү менен жасалма балаты дейт, балдары кооздогонун кошумчалады.

Өзүнүн үйүндөгү жаңы жылдык балатынын сүрөтүн депутат Руслан Казакбаев дагы жөнөттү. Көркөм кооздолгон балатынын алдына белектер коюлганын көрүүгө болот.

Сизге кайсы балаты жакты?

Макала жактыбы?

НетДа
17
8
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: