Баткен облусундагы кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкелеринде кыргыз тараптын демилгеси менен Кыргызстандын жана Тажикстандын, ошондой эле Кыргызстандын жана Өзбекстандын чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жолугушуулары өттү. Бул тууралуу Чек ара кызматынын билдиришти.

Үч мамлекеттин чек ара өкүлчүлүктөрү 2019-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгарышып, 2020-жылга карата өз ара аракеттин планын бекитишти.

Андан соң чек ара тарамдарынын башчылары (чек ара заставаларынын башчылары) үчүн кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкелеринде чек арачылардын өзүн алып жүрүү боюнча биргелешкен практикалык сабактар өткөрүлдү. Чек ара заставаларынын башчылары мамлекеттик чек аранын такталбаган тилкелеринде биргелешип кайгуул жүргүзүү боюнча тапшырмаларды такташты. Үч мамлекеттин аскер кызматкерлерине мамлекеттик чек арада укук тартибин профилактика кылуу боюнча ишмердүүлүктү активдештирүү жана чек ара тилкелеринде жаралган маселелерди чечүүгө эффективдүү өз ара аракет көрүү боюнча тапшырма коюлду.

Тажик чек арачылары менен өткөн жолугушуу мини-футбол боюнча турнир менен аяктады.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 89