Россия Жаңы жылды майрамдоодогу өзүнүн салтын ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине киргизе албайт деп билдирет уюмдан.

Себеби Россия Федерациясы мурастар боюнча тийиштүү эл аралык конвенцияны ратификациядан өткөргөн эмес. ЮНЕСКОнун конвенциясына 178 мамлекет катышып, арасынан АКШ, Россия жана Улуу Британия кабыл алган эмес.

Буга чейин депутат Виктор Зубарев “Тагдырдын тамашасы” кинотасмасын, 31-декабрдагы мончого түшүү жана оливье салатын ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүүнү сунуштаган. Тиешелүү катты ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азулеге жөнөткөн болчу. Парламентарийдин пикиринде, биринчи орунда жаңы жылдык дасторкон салтын тизмеге кошуу керек. Оливье жана мимоза салаттарынан сыртары, эттен жана балыктан жасалган татымдар жана «Советское шампанское» виносун столго коюу салтка айланганын белгилеген.

Мындан тышкары депутаттын айтымында, чыгармачыл жана көркөм салттар (бала бакчадагы жана мектептердеги жаңы жылдык кечелер) мурас катары кабыл алынышы керек.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 160