2020-жылдын 1-январынан тарта оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта пайдаланган жактарга айыппул салынбайт. Бул туурасында өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, өкмөт  жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктөрдү коммерциялык ташуу үчүн оң рулдуу унааларды пайдалануунун социалдык маанисин эске алуу менен Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешовдун көрсөтүлгөн тыюу салуунун күчүнө кирүү мөөнөтүн 2025-жылга чейин жылдыруу жөнүндө демилгесин колдойт.

Парламент тарабынан мыйзам долбоорунун тагдыры чечилгенге чейин 2020-жылдын 1-январынан тартып унаалардын бул категориясын айдоочуларга айып салбоо чечими кабыл алынды.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 128