Ат- Башыда хоккей боюнча облус биринчилиги мелдеши өттү(ФОТО)

125

Алыскы Ат- Башы районунун Казыбек айылында  хоккей боюнча облус биринчили болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучу Манас Шаршенов маалымдады . Аталган спорттук иш чарга Шаршен уулу Токтобай  атындагы  хоккей аянтчасынын ачылышына карата уюштурулуп, ага жалпы 5 команда катышты.  Тактап айтканда Жумгал районунан, Нарын шаарынан жана жергиликтүү үч айылдан командалар катышты.

2020- жылы жарыяланган “аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында уюштурулган мелдештин максаты: жаштарды сергек жашоого үндөө, кышкы спорттук оюндардарды алыскы айылдарга жайылтуу болуп саналат “– деди Манас Шаршенов.

Мелдештин байге фонду 30 миң сомду түзүп, жеңишке жеткен командаларга сыйлыктар тапшырылды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь