Баткен шаарында аялын өлтүрүүгө шектелип жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Окуя 4-январга караган түнү саат 01:00дөр чамасында Баткен шаарынын Базар-Башы кварталында болгон. Баткен облустук ооруканасынын Тез жардам кызматты денесине оор жаракат алган  27 жаштагы келинди ооруканага жеткирип бара жатканда маркум ооруканага жетпей каза болгон. Кийинчерээк белгилүү болгондой келин 31 жаштагы жолдошу менен араздашып кетип каза болгону аныкталды. Үй-бүлөнүн 3 баласы бар.

Каза болгон келиндин күйөөсү кармалып аталган факты боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү (“Адам өлтүрүү”) менен каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 405