Аял баласынын сүйлөшкөн кызынын жүрөгүн жеген (Фото+Видео)

Нигерияда аял баласынын сүйлөшкөн кызынын жүрөгү менен төшүн байлык алып келет деген ырым менен жеген. Бул тууралуу The Daily Star басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, бир жыл мурун декабрь айында Лагос университетинде окуган 22-жаштагы Фавур Далей-Оладеле дайынсыз жоголуп кеткенин айтып ата-энеси полицияга кайрылган.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө дайынсыз жоголгон кыз 23-жаштагы Оволаби Адееко менен сүйлөшүп жүргөнү маалым болгон.

Полициянын маалыматында, Оволаби Адееко кызды мейманканага алып барып, баңги заттан сайган. Андан кийин жергиликтүү Сегун Филиптин чиркөөсүнө алып барган. Ал жактан Адееко кыздын башын кесип, моюнунан мууздап, төш жагынан кесип, ичиндеги органдарын, ошондой эле, жүрөгүн да алып чыккан.  Андан кийин органдардан Адееко энесине байлык алып келет деген ырым (ритуал) тамак жасаган.

Баланын апасы Бола кыздын өлүмү тууралуу билбегенин, баласы ага тамак эчкинин органдарынан жасалган деп айтканын билдирген.

Учурда баласы, апасы да камакка алынган. Мындан сырткары жергиликтүү чиркөөнүн жетекчиси Сегун Филип дагы кармалган. Ошондой эле, ал атайын ырымдалып жасалган тамак ишке ашпаганын, байып кетпегенин айткан.

https://news.rambler.ru/world/43451495-mat-sela-serdtse-devushki-syna-radi-bogatstva/

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь