Бала аттракциондон учуп түштү (Видео)

Социалдык түйүндөрдө Казакстанда баланын аттракциондон кулаган видеосу тарады. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Видеодо көрүнүп тургандай, “Рогатка” деп аталган аттракционго байланган бала секиргени даярданып жаткан. Аны инструктор деп болжолдонуп жаткан киши кармап турат. Аттракцион иштетилип баштаганда бала байланган жибинен чыгып кетип, жерге учуп түшкөн.

Окуя 2020-жылдын 2-январында Алматыдагы Ак-Төбе административдик аймагында болгон.

Өспүрүм бутун сындырып, башына жаракат алган. 13 жашар баланы ооруканага жаткырып, учурда абалы туруктуу. Ал эми ата-энеси баласынын этиятсыздыгынан улам мындай жагдайлар болгонун жана эч кимге дооматы жок экенин айтышкан.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь