Иллюстрациялык сүрөт

Баткенде аялын сабоого, өлтүрө шектелип күйөөсү кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 4-январга караган түнү саат 01:00 чамасында Баткен облустук ооруканасынын “Тез жардам” бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен шаарынын 1993-жылы туулган А.Н. аттуу тургундун жансыз денесин оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкенин кабарлашкан. Ыкчам тергөө тобу облустук ооруканага барып, маркумдун жансыз денесине кароо жүргүзүшкөн. Текшерүү учурунда маркумдун колу-бутунда күйүктөн улам, этинин териси шылынган жаракат бар экени аныкталган.

Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 3-январь күнү саат 18:30да Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын 1989-жылы туулган С.Ш. аттуу тургуну менен 7 жылдан бери чогуу жашаган аялынын ортосунда чыр чыгып, чырдын кесепетинен келин каза болгону аныкталган. Маркумдун жолдошу кылмышка тиешеси бар экени аныкталып, шектүү катары кармалды. Жубайлардын ортосунда 3 баласы болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат. 

Макала жактыбы?

НетДа
2
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: