Бүгүн, 5-январдан тарта Бишкек шаарында Австрияга баруучу Кыргызстандын жарандары үчүн VFS компаниясынын виза борборунда виза даярдалып баштайт. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул борбор Ибраимов көчөсүндө (№103, 11-кабат) жайгашканын билдирген.
Буга чейин Германиянын Кыргызстандагы элчилиги 2020-жылдын 1-январынан тарта Испания, Италия жана Австрияга виза берүүнү токтото турганын жарыялаган.