Чүйдө эстеликти мазактаган кыздар кармалды (Фото)

Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгондордун айкелин мазактаганга шектүү делип эки өспүрүм кыздар кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жаңы-Жер айылындагы мектептердин биринде окуган, сегизинчи класстын эки өспүрүм кызы экени аныкталган. Шектелген кыздар ата-энелери менен Сокулук районунун милиция бөлүмүнө кылган иштерин түшүндүрүп берүү үчүн жеткирилген.

Жогорудагы факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, “Вандализм” боюнча тиркелген.

Ал эми айыл өкмөттөн билдиришкендей, эстеликтеги бардык жазуулар тазаланган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь