Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев “Түрк дүйнөсүнүн кайра жаралуусуна кошкон салымы үчүн” эл аралык сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазды.

Маалыматка караганда, сыйлык жөнүндө Анкарада Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар, интеллектуалдар жана искусство чеберлеринин фонду (Türk Dünyası Yazarlar ve Sanatçılar Vakfı – TÜRKSAV) өткөргөн атайын маалымат жыйында айтылган. Чечимди калыстар тобу бир добуштан кабыл алганы белгиленет. Калыстар Мирзиёевдин жетекчилиги алдында ар кайсы жаатта жасалган реформаларга жогорку баасын беришкен.

TÜRKSAV жетекчиси Яхё Энгин Мирзиёевге терең урматын, чын дилден чыккан куттуктоосун билдирип, Өзбекстан, Борбордук Азия, Түркия жана жалпы Түрк дүйнөсү үчүн жасаган эмгегин баалады. Сыйлоо аземи Анкарада май айында болоору айтылды.

Түркиянын демилгеси менен TÜRKSAV бейөкмөт уюму 1996-жылы негизделген. Негизги максаты – коомчулуктун көңүлүн Түрк дүйнөсүнүн айтылуу инсандарынын ишмердүүлүгүнө буруу болуп саналат.

Булак: Nazarnews.kg

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: