Өзгөчө үнү бар ырчы Орунбасар Кызалаков кечээ, 4-январь күнү каза болду. Маалыматты Талас облустук администрациянын басма сөз катчысы Бакай Абдымалик Фейсбуктагы баракчасына “Кайран талант тирүүсүндө баркталбады”, – деп жазып чыкты.

57 жаштагы ырчынын эмнеден улам каза болгону азырынча белгисиз, бирок ал акыркы жылдары ооруп жүргөн болчу.

Эске салсак, Орунбасар Кызалаков 1962-жылы Талас облусунун Көк-Кашат айылында туулган. Аскерге чейин молдован кызына үйлөнүп, эгиз уулдуу болушкан. Аны менен жолу бир болбой, кийинчерээк үйлөнүп, эки уулдуу болгондо эки жолго түшүшкөн. Кызалаков “Таласым таңшыйт”, “Таңкы поезд”, “Биздин өзөн” аттуу ырлары менен кыргыз элинин эсинде калган. Ал кезде башка ырчылардан өзгөчө үнү менен айырмаланчу.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
4
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 475

Разработка сайтов - bahtiiar.com