Австралия токойдогу өрттү басууга резервдеги үч миңден ашуун аскер кызматкерин тартмай болду. Өлкөнүн премьер-министри Скотт Моррисон болуп көрбөгөндөй күч топтой тургандарын жарыялады.

Мындан тышкары бийлик өрт өчүрүүчү учактарды ижарага алууга 20 миллион австралиялык доллар (12,5 миллион евродой) бөлө турганын убадалады.

Австралиянын армиясы бир нече айдан бери өрттү өчүрүүдө күрөшүп жатат. Премьер-министр билдиргендей, 3000дей резервдегилерден сырткары 2000 аскер кызматкери тартылды.

Сентябрь айынан бери Австралияда беш миллион гектарга жакын токой күйүп кетти. Кеминде 23 адам каза болуп, жүз миңдеген жаныбар жок болду. Миңден ашуун турак үй өрттөндү.

Түтүндүн айынан кээ бир райондордо өрттү абадан өчүрүү мүмкүн болбой жатат. Ал эми катуу шамал жалындын тез жайылышын шарттоодо.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: