Иллюстрациялык сүрөт

Араван районунун жашоочусу өзүнүн 15 жаштагы кызын бир жылдан ашуун убакыттан бери зордуктап жүргөн.

Маалым болгондой, кыздын энеси мындан төрт жыл мурда каза болгон. Ош ОИИБ билдиргендей, аталган факт 2019-жылдын 11-декабрь күнү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кылмышка шектүү катары өспүрүм кыздын 1976-жылы туулган атасы кармалган. Тергөө иштерин Араван РИИБдин жана Араван райондук прокуратурасынын кызматкерлери биргеликте жүргүзүшкөн. Шектүүнүн баш коргоо чарасы Араван райондук сотунда каралып, 2 айга камакка алынды. Тергөөдө эркек киши кылган ишин мойнуна алды.

Кыз Ош облусундагы кесиптик лицейлердин биринде студент болгон. Ал декарбь айынан тарта сабакка келген эмес. Атасы менен болгон жыныстык катнашты жашырып келген, акыры кыз ден-соолугуна байланыштуу тайкесине кайрылып, ошондон улам бул окуянын бети ачылып калган.

 

Макала жактыбы?

НетДа
2
39
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 2 431