Бишкек шаарынын мэриясы канадалык April Ekoj Company компаниясы менен биргеликте Бишкекке метро курууну көздөп жатышат. Келишимге борбор калаанын вице-мэри Рыспек Сарпашев жана канадалык инвест-компаниянын башкы директору Эмануэль Майлет кол коюшту.

Долбоор 2025-жылы аяктайт деп пландалууда. Келишимдин биринчи курулуш этабынын суммасы 950 миллион доллар. Долбоор үч этаптан турат. April Ekoj Company компаниясы бирден бир дүйнөлүк инвестициялык синдикат болгон April Goup корпорациясына кирет.

Курулушта эки бутак иштейт: “Кызыл” – бул бутак Бишкектин батыш жана чыгышын бириктирет. “Жашыл” – борбордун түндүгүнөн түштүгүнө каттайт. Жакынкы үч жыл ичинде 50 станция курулаарын Бишкек шаардык мэриясынын курулуш башкармалыгынын башчысы Марат Бейшенбеков билдирди.

Долбоор ушул жылы башталат. Биринчи этапта 50 чакырым жол жана 20-25 станция курууну көздөп жатышат. Метро шаардагы тыгындан арылуу максатында тартылып жатат. Эгер долбооор ийгиликтүү ишке аша турган болсо Бишкек шаардык мэриясы шаардын бир топ жерлеринде жеке менчик “маршруттардан” баш тартканга даяр.

Булак: kabarlar.org.

 

Макала жактыбы?

НетДа
48
3
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 1 789